Июнда Кыргызстанда акча көбөйүп абсолюттук рекорд койду

Буга чейинки рекорд май айында болгон, андан бери үч маанилүү көрсөткүч боюнча акчанын көлөмү 7-8 миллиард сомго чейин өстү.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата Кыргызстандагы акчанын көлөмү буга чейин боло элек жогорку чекке жетти. Муну Улуттук банк жарыялаган колдонуудагы акчалар боюнча үч көрсөткүч тастыктап турат.

Мурунку рекорд 1-майда коюлган болчу.

Колдонуудагы акча — 117 миллиард 917,1 миллион сом (7 миллиард 72 миллион сомго көбөйдү).

Акча базасы — 131 миллиард 18 миллион сом (8 миллиард 281,1 миллион сомго көбөйдү).

Кеңири аныктамадагы акча базасы — 137 миллиард 349,2 миллион сом (8 миллиард 111,3 миллион сомго көбөйдү).

Акча санынын көбөйүп жатышынын себеби айтылган эмес.

Кыргызстанда алтындын запасы 2,6 млрд. сомго азайды

Колдонуудагы акча — бул насыя берүүчү уюмдардын кассасындагы калдык акчанын эсебин кошкондо элдин колундагы каражат болуп саналат.

Акча базасы — колдонуудагы жана финансылык (депозиттик) уюмдардын кордогу акчалары.

Кеңири аныктамадагы акча базасы — колдонуудагы жана ага кошумча резервдеги бардык каражаттар (чет элдик валюта жана сом), финансылык уюмдардын депозиттери.

Буга чейин эксперттер сомдун көлөмү болуп көрбөгөндөй өсүп жатышы өлкөгө таасир этери туурасында айтып беришкен.