Ак үй дезинфекцияланып жатат

Буга чейин президент аппаратынан 17 кишиден коронавирус аныкталган. Анын ичинде аппарат жетекчиси дагы бар.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн.— Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратында дезинфекция иштери уланууда. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мира Курманова билдирди.

Эске салсак, буга чейин президент аппаратынан 17 кишиден коронавирус аныкталган. Анын ичинде аппарат жетекчиси дагы бар. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин төрт депутатынан жана төрт аппарат кызматкеринен да COVID-19 табылган

Булардын саны да өсүүдө. Бир суткада 43 медиктен COVID табылды

"Ак үй дезинфекцияланып жатат. Буга чейин да мындай иштер жүргөн. Анда иш бөлмөлөр тазаланса, бул ирет жалпы имарат дезинфекцияланууда",— деди Курманова.

Башкы дарыгердин орун басары имарат карантинге жабылбаганын, жөн гана тазаланып жатканын баса белгиледи. Дезинфекция иштери канчага чейин созуларын так айткан жок, бирок бүгүн бүтөрү болжолдонуп жатат.