Бакты сүзгөн. Караколдо жол кырсыгынан бир киши каза болуп, экинчиси оор абалда

ӨКМ кызматкерлери каза болгон адамды автоунаадан чыгарып ИИМ өкүлдөрүнө, ал эми жабыркаганды Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жол кырсыгы катталып, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Үстүнө чыгып кетиптир. Бишкекте үч унаа кагышкандан кийинки видео

Билдирмеге караганда, кырсык 26-июнь күнү саат 3:03төр чамасында болгон. Анда Audi-A6 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болуп, 18 жаштагы жигит оор жаракат алган.

Ылдамдыгы жүрөк түшүрөт! Жалал-Абадда кафени күү менен келип сүзгөн жолтандабастын видеосу

ӨКМ кызматкерлери каза болгон адамды унаадан чыгарып ИИМ өкүлдөрүнө, ал эми жабыркаганды Тез жардам кызматына өткөрүп беришкени айтылды.