Путин Жээнбеков менен телефондон сүйлөшүп, ыраазылык билдирди

Путиндин Жээнбековдун Москвага келгенине ыраазычылыгын билдирип жана аскер парадына катыша албай калгандыгын өкүнүү менен белгилегендиги кабарланды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жактын тең кызыкчылыгындагы кызматташуу маселелерин талкуулашкандыгы маалымдалды.

"Россия лидери Владимир Путин Сооронбай Жээнбековдун Москвага келгенине ыраазычылыгын билдирди жана аскер парадына катыша албай калгандыгын өкүнүү менен белгиледи. Путин Жеңиш парадынын катышуучуларынын катарында өз өлкөсүн татыктуу көрсөткөн Кыргызстандын аскер кызматкерлерине дагы ыраазычылыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Кызыл аянттан баскан кыргыз жоокерлери! Жеңиш парадындагы видео

Эске салсак, Кыргызстандын башчысы Жээнбеков Россияга Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга барып, бирок анын жанындагы делегация өкүлдөрүнөн коронавирус табылгандыктан, иш-чарага катышпай эле коюуну чечкен.

Путин Улуу Жеңиш эки өлкө үчүн ыйык мааниге ээ экенине токтолгон.

Жээнбеков Москва шаарындагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга катышууга чакыруу үчүн ыраазылыгын билдирген.

"Жээнбеков аскер парадына катышуудан баш тартуу чечими эң биринчи кезекте ардагерлер менен чет элдик делегация башчыларынын саламаттыгына кам көрүү менен шартталганын белгиледи", — деп айтылган маалыматта.

Кремль Жээнбековго парад алдындагы чечими үчүн ыраазы болду

Жээнбеков кыргызстандыктар Кызыл аянтта Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун аскерлери жеңишке жетишкен ата-бабаларындай болуп параддан өткөндөрүн чоң кызыгуу, сыймыктануу менен көргөнүн баса белгилеген.

Эки мамлекет жетекчилери, мындан сырткары, стратегиялык өнөктөштүктү жогорку деңгээлде колдоо боюнча макулдашкан.