4 000ден ашты! Бүгүн өлкөдө дагы 250 адам коронавирус жуктуруп алды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстан баш болгон 11 мамлекетте коронавирус боюнча кырдаал начарлап жатканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 250 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

  • Бишкек шаары – 105;
  • Чүй облусу - 61;
  • Ош шаары - 47;
  • Ош облусу - 19;
  • Нарын облусу - 1;
  • Жалал-Абад облусу - 12;
  • Ысык-Көл облусу - 2;
  • Талас облусу - 1;
  • Баткен облусу - 2.

Ушуну менен вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 4 204кө жетти. Оорудан 43 киши каза тапты.

Азыркы тапта стационарларда 633 киши дарыланууда, анын 12си реанимацияда. 1 366 бейтап үй карантининде, аларда оорунун симптомдору жок. Акыркы маалымат боюнча 2 162 киши ооруканадан чыгарылды.