"Бишкекасфальттын" жетекчиси жолдогу чуңкур үчүн айыпка жыгылды. Сүрөт

Айып пул Эреже бузуулар кодексиндеги 119-берененин биринчи бөлүмү ("Жолду бузуу") боюнча түзүлгөн. Ага ылайык, эми мыйзам бузган юридикалык тарап 17 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөшү керек.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Чолпонбаевге ремонт жасоо учурунда жолдогу чуңкур үчүн протокол жазылды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматынан кабарлашты.

Корумду — Балбай жолун оңдоого Араб өлкөлөрүнөн 116 млн. доллар насыя алынат

Билдирмеге ылайык, айып пулду Эреже бузуулар кодексине ылайык, милициянын Кайгуул кызматына караштуу жол көзөмөл бөлүмүнүн өкүлдөрү жазып берген. 

"Бишкекасфальттын" жетекчиси жолдогу чуңкур үчүн айыпка жыгылды. Сүрөт

Маалым болгондой, кечээ түнү милиция кызматкерлери Аалы Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүнүн ортосунан чуңкур көрүп калып, автоунаалар жабыркап калбаш үчүн таң аткыча эки жагын тосуп коюшкан. 

"Бишкекасфальттын" жетекчиси жолдогу чуңкур үчүн айыпка жыгылды. Сүрөт

Бишкек мэриясы 60 көчөнү оңдоп-түзөөдөн өткөргөнү турат

Айып пул Эреже бузуулар кодексиндеги 119-берененин биринчи бөлүмү ("Жолду бузуу") боюнча түзүлгөн. Ага ылайык, эми мыйзам бузган юридикалык тарап 17 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөшү керек.