Москвадагы Жеңиш парады кандай өттү. Видео

Москвада Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад болуп, ага баш-аягы 15 миңдей аскер катышып, 200дөн ашуун россиялык жаңы аскер техникасы колдонулду.
Sputnik

Кызыл аянттан баскан кыргыз жоокерлери! Жеңиш парадындагы видео
Быйыл ал 24-июнда өттү. 1945-жылы дал ушул күнү тарыхый, легендарлуу Жеңиш парады болгон. Чакырылган ардактуу коноктордун арасында мурдагы союздук республикалардын дээрлик бардыгынын жана бир катар алыскы чет мамлекеттердин лидерлери болду. Кызыл аянттагы параддан россиялык жоокерлер менен катар эле Кыргызстандын, Азербайжандын, Армениянын, Белоруссиянын, Казакстандын, Молдованын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аскерлери өттү.

Параддын алдында сүйлөгөн Россия лидери Владимир Путин совет элинин нацизмди жеңгендигин дагы бир ирет баса белгиледи. Параддын салтанаттуу бөлүгү россиялык авиация күчтөрүнүн майрамдык учуулары менен аяктады. Андан соң Владимир Путин жана чет элдик коноктор Кремль дубалындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду.