Тогуз-Тородо коронавирустан 49 жаштагы аял каза тапты

Вирус жугузуп алып каза тапкандардын саны ушуну менен Кыргызстанда 43кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү вирус жуккан соң башка өнөкөт оорулары күчөп кеткендер.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган бир аял каза болду. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

“Кечээ Тогуз-Торо жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан 49 жаштагы аял каза болду“, — деди Каратаев.

Вирус жугузуп алып каза тапкандардын саны ушуну менен Кыргызстанда 43кө жетти.

Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram-каналыбыздан  таанышып туруңуздар.