БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Май айында Кыргызстандын алтын запасынын наркы 2 миллиард 638,2 миллион сомго төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Май айынын башында алтын корунун баасы 52 миллиард 73 миллион сом болчу. Ал эми июнь айынын башында 48 миллиард 434,8 миллион сомго чейин азайган.
Алтын корунун наркынын рекорддук көрсөткүчү ушул жылдын март айында байкалып, 52 миллиард сомдон ашкан. Запастын азайып жатканынын себеби эмнеде экени жазылган эмес.
Улуттук банк 2011-жылдан бери алтынды ички рыноктон улуттук валютага сатып алып келет. Былтыр 14,4 тонна баалуу металлы бар болсо, 2018-жылы бир нече тоннага азайган.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүндүгүн берет. Резерв 10дон ашык валютадан, СDR (эл аралык акча бирдигинин төлөм каражатынан жана жасалма резервден — атайын карыз алуу укугу) жана алтындан турат.