Боронов ӨА учурунда иштеген күч түзүмдөрүнө кошумча акы берүү чечимине кол койду

Буга чейин ЖКнын жыйынында өкмөт башчы Кубатбек Боронов өзгөчө абал учурунда ишке тартылган ӨКМ, Чек ара, Генералдык штабдын кызматкерлерине да кошумча акы төлөнүп берилерин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Өзгөчө абал режими учурунда иштеген аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине компенсация төлөнөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызмат кабарлады.

Билдирмеге караганда, тиешелүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.

"Чечим өкмөттүн "Өзгөчө абал шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар" жөнүндө жобонун 7-пунктун ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Бул № 639 токтом өкмөт тарабынан 2000-жылдын 26-октябрында бекитилген", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин ЖКнын жыйынында өкмөт башчы Кубатбек Боронов өзгөчө абал учурунда ишке тартылган медик, милициядан сырткары ӨКМ, Чек ара, Генералдык штабдын кызматкерлерине да кошумча акы төлөнүп берилерин айткан.

Белгилей кетсек, бүгүн Республикалык штаб өзгөчө абал режимин кайра киргизүү маселесин талкуулайт.