UEFA Кыргыз футболдук союзуна минивэн, компьютер берип колдоо көрсөттү

Европанын футболдук уюму аталган программанын алкагында Кыргыз футболдук союзуна Hyundai H1 минивэн унаа жана 700 миң сомдук компьютерлерди, UPS, МФУ жабдууларын берди.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Европа футболдук ассоциациялар бирикмеси (УЕФА) Кыргыз футболдук союзуна UEFA ASSIST эл аралык программасынын алкагында колдоо көрсөттү. Бул тууралуу аталган союздун маалымат кызматы билдирди.

Европанын футболдук уюму Кыргыз футболдук союзуна Hyundai H1 минивэн жана 700 миң сомдук компьютерлерди, UPS, МФУ жабдууларын берди.

UEFA ASSIST эл аралык программасы башка конфедерациялардын улуттук ассоциациялары менен тажрыйба бөлүшүү аркылуу футболду өнүктүрүү жоопкерчилигин күчөтүүгө чакырат.

Футбол союзу байгеси 1000 долларлык сынак жарыялады
Аталган программанын башкы максаты — өз ара тажрыйба алмашуу менен Дүйнөлүк футбол ассоциациялар бирикмесине (ФИФА) кирген конфедерацияларды жана футболду өнүктүрүү.

UEFA ASSIST финансылык эмес, футболду өнүктүрүүгө багытталган ар кандай иш-чараларды өткөрүү сыяктуу практикалык жардамдарды көрсөтүүгө багытталган.

Программа ассоциацияларга жана конфедерацияларга олуттуу жардам бере турган окутуу жана тажрыйба алмашуу; өспүрүмдөр футболун өнүктүрүү; инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоо; УЕФАнын улуттук ассоциацияларынын программасын колдоо сыяктуу төрт негизги элементтен турат.