"Мирбек Атабеков — "Мурас". "Эч качан касташпагыла!" Ырдын үчүнчү куплети орусча. Аранжировка өзүмдүкү", — деп жазылат ырдын алдында.
Россиялык ырчы бул чыгарма тууралуу угарман Анвар Бектеновдон билгенин жазган. Супрунова мыкты чыгарма үчүн Атабековго ыраазычылыгын да билдирип кеткен.
Алиса Супрунова 2000-жылы 4-июнда Магаданда төрөлгөнүн, азыркы тапта Санкт-Петербург шаарында жашарын айтып кеткен. Ал Россиядагы жана мурдагы СССРдин курамындагы бир нече элдин тилинде ырдап жүрөрү маалым болду.
Мирбек Атабековдун "Мурас" чыгармасы Кыргызстандагы хит ырлардын катарын толуктаган. Ырды акын Акбар Кубанычбеков жазган. Атабековдун айтымында, аранжировкасы заманбап стилде. Чыгарманы жаратууга 5 миң долларга чукул каражат сарпталганын буга чейинки маектеринде билдирген.