Жүрөк толкуйт! Москвадагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган параддын сүрөттөрү

Sputnik

Алгачкы Жеңиш парадын эмнеге Сталин эмес, Жуков кабыл алган. 75 жыл мурдагы тарых
Парадга Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Молдова, Монголия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринен делегация барган.

Кызыл аянттагы парадга 13 миңден ашык аскер катышып, 234 заманбап жана аскер техникасы тартылды. Эл 1945-жылдын 24-июнундагы тарыхый параддын элементтерин көрө алышты. 

Эске салсак, бул жылы коронавирус пандемиясынан улам Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып 9-май күнү өтчү парад 24-июнга белгиленген болчу.

1 / 28
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад Москва шаарынын Кызыл аянтында өттү
2 / 28
Парад учурунда эл алдынан өткөн жаш жоокерлер
3 / 28
"Терминатор" аталышындагы танктарга колдоо көрсөтүүчү аскердик техника
4 / 28
Россиянын куралдуу күчтөрүнүн жогорку аскер башчысы Владимир Путин
5 / 28
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу (солдо) жана Кургактагы аскерлердин башкы командири Олег Салюков
6 / 28
Парадда мурунку Советтер Союзунун курамына кирген Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын куралдуу күчтөрү басып өттү
7 / 28
Аскердик параддан өткөн Т-34-85 танктары
8 / 28
Кызыл аянттын үстүнөн кайкып өткөн Су-25 чабуулчулары
9 / 28
Сербия аскерлери
10 / 28
Парад алдындагы даярдык
11 / 28
Жеңиш парадындагы Т-34-85 танкы
12 / 28
Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин парад учурунда
13 / 28
Көп багыттуу Ми-8 тик учактары
14 / 28
Россиянын куралдуу күчтөрүнүн жогорку аскер башчысы Владимир Путин парад учурунда эл алдына чыгып сүйлөп жатат
15 / 28
Мекенди коргогон кыз-келиндер да параддан өтүштү
16 / 28
Т-34-85 танктары
17 / 28
Россиянын патриархы Кирилл менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев
18 / 28
"Панцирь-СА" зенит-ракеталык комплекси парад учурунда
19 / 28
Парадга 12 мамлекеттин аскерлери катышты
20 / 28
"Ярс" автономдук ишке киргизүү жабдуусу
21 / 28
Россиянын коргоо министринин орун басары Юрий Садовенко парад башталаар алдында
22 / 28
Парадга катышкан кытайлык аскерлер
23 / 28
Эл 1945-жылдын 24-июнундагы тарыхый параддын элементтерин көрө алышты
24 / 28
Параддын коноктору
25 / 28
Коронавирус пандемиясынан улам Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып 9-май күнү өтчү парад 24-июнга белгиленген
26 / 28
Парад учурундагы аскер
27 / 28
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери
28 / 28
Асманга сүрөт тарткан Су-25 БМ учактары