Бекешев: депутаттар түшкө чейин эле 24 мыйзам долбоорун жактырды

Эскерте кетсек, депутаттардын жыйыны дистанттык түрдө өтүп жатат. Себеби эки эл өкүлүнөн жана ЖК аппаратынын үч кызматкеринен коронавирус табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн бир нече сааттын ичинде 24 мыйзам долбоорун карап, жактырып коюшту. Бул тууралуу Twitter баракчасына эл өкүлү Дастан Бекешев жазды.

​"Түшкө чейин 24 мыйзам долбоору каралып, жактырылды. ТВ, түз эфирсиз көбүнүн чыгып сүйлөгүсү келген жок", — деп жазган Бекешев.

Эскерте кетсек, депутаттардын жыйыны дистанттык түрдө өтүп жатат. Себеби эки эл өкүлүнөн жана ЖК аппаратынын үч кызматкеринен коронавирус табылган. Парламенттин маалымат кызматы да аралыктан иштөөгө өттү.