Sputnik Эстониянын редактору Черышева: эстончо сөз эркиндиги ЖМК үчүн кооптуу

Эстон бийлиги ар кыл европалык структуралардын айткандарына кулак салбай, Sputnik Эстония агенттигине карата мамилесин өзгөртпөй келет.
Sputnik

Аталган агенттик өз ишмердигин болушунча чектөөгө мажбур болгонун эсиңиздерге сала кетели. Бул тууралуу басылманын жетекчиси Елена Черышева ОБСЕнин адам укуктары боюнча онлайн кеңешмесинин катышуучуларына айтып берди.

Эстонияда сөз эркиндигинин принциптери көз көрүнөө бузулуп жатканын белгилейт журналист. Черышеванын айтымында, эстон бийлиги Sputnik Эстония редакциясын куугунтуктоонун ар кандай формасын жана жолдорун ачык эле пайдаланууда.

Лавров: Sputnik Эстониянын айланасындагы абал Евробиримдикке көө жапты
2019-жылдын аягында аталган республиканын Полиция департаменти жана чек ара кызматы басылманын бардык кызматкерлерине "эгер журналисттер россиялык агенттик менен иштешүүнү токтотпосо, аларга "Европалык санкцияларды аткарбоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо" менен коркуткан кат жөнөтүшкөн. Бул менен өлкө бийлиги 2014-жылы "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселевго каршы киргизилген чектөөнү эстерине салгысы келген. Баарынан кызыгы, агенттик бир дагы санкциялык тизмеде көрсөтүлгөн эмес. Ошентсе да, 2020-жылдын 1-январындагы коркутууларга байланыштуу басылманын сайты өзгөчө кырдаалда иштеп, редакциянын кызматкерлери Sputnik Эстония агенттиги менен келишимдерин бузган.

"Бул — башкача ой жүгүртүүгө каршы күрөштүн эң көрүнүктүү учуру. Эстон полициясы гана россиялык мамлекеттик маалымат каражаттарына жеке санкцияларды берүүгө даай алат", — деди Черышева.

Ошондой эле ал былтыркы жылдын декабрында, Sputnik Эстония агенттигинин журналисттеринин айланасындагы окуялар күч алып турганда да Эстониянын премьер-министри Юри Ратас эстон демократиясын бүт дүйнө жүзүнө үлгү деп атаганы бар.

"Журналисттердин полиция тарабынан коркутулушун ал демократия деп эсептейт көрүнөт. Бийликке ыңгайсыз маалымат каражаттарын ачык репрессиялоо – эстончо сөз эркиндиги көрүнөт", — деп баса белгиледи ОБСЕнин конференциясындагы сөзүндө Черышева.

Эске салсак, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги боюнча ОБСЕнин өкүлү Арлем Дезир башынан эле Эстониянын көз карашына караманча каршы болуп келген.

2019-жылдын декабрында Дезир эстон бийлигине Sputnik Эстония агенттигин кысымга алууну токтотууга чакырып, редакциянын ишин чектөөнү орунсуз деп атаган. "Бул маалыматтын эркин агымына терс таасирин тийгизет" деп жазган Дезир Twitter баракчасына.

"Сиздин пикириңиздин эске алынбаганы кейитет", — деп кайрылды сөзүнүн аягында Елена Черышева Арлем Дезирге.

"Россия сегодня" ПАСЕде: журналисттерди кодулоо, түрмө, кесип ишеними жөнүндө
ОБСЕнин адам укуктары боюнча кеңешмеси (HDIM) – Европада жыл сайын өтүүчү ири конференция. Ага ОБСЕнин 57 өлкөсүнөн делегациялар, ОБСЕ структураларынын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык жана коомдук уюмдардын мүчөлөрү катышат.

Конференцияда чыгып сүйлөгөндөр дүйнө жүзү боюнча ЖМК эркиндиги, демократия жана журналисттердин коопсуздугу боюнча маселелерди талкуулашат. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча катышуучулар алдаканча актуалдуу маселелерди чечүү үчүн кеңештерин сунуштайт.

Быйыл кеңешме Албаниянын төрагалыгы менен коронавирус пандемиясына байланыштуу онлайн-форматта өтүүдө.