Москвадагы Жеңиш парадына кызуу даярдык. Сүрөттөр

Sputnik

Россиянын борборундагы Жеңиш парады 24-июнга белгиленген болчу. Парадды Россиянын Кургактагы аскерлеринин башкы командири Олег Салюков башкармакчы.

Эскерүү жана аза күтүү күнү: Россия тарыхты кайра жазууга жол бербөөгө чакырат
Салтанаттуу иш-чарага катышуу үчүн ар кайсы өлкөлөрдөн аскерлер барышкан. Алардын арасында кыргызстандык жоокерлер дагы бар.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков дагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышуу үчүн Москвага учуп кетти.

Жээнбеков Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтүүчү аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.

 

1 / 10
Москва шаарындагы маршал Георгий Жуковдун эстелигинин жанындагы көрүнүш
2 / 10
Чоң таш көпүрөсүндөгү желектер
3 / 10
Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына быйыл 75 жыл болду
4 / 10
Триумфалдык арканын алдындагы "город-герой Москва" жазуусу бар жылдыз
5 / 10
"Тверская" метрополитинин алдындагы желектер
6 / 10
Парадга карата Россиянын Коргоо министрлигинин штаб-квартирасы дагы кооздолду
7 / 10
"Дорогомиловская застава" аянты
8 / 10
Кутузовский проспектисиндеги үйгө тагылган желектер
9 / 10
Россиянын Коргоо министрлигинин кире бериши
10 / 10
"Пушкин" аянтындагы желектер