Билим берүү тармагынын маалымат чогулткан базасы жыл аягында ишке берилет

Системанын иштеши менен бир топ кызматтар, анын ичинде маалым каттар (справкалар) автоматташтырылып, аларды алуу жеңилдейт. Ошондой эле мектепке электрондук жазылуу, бала бакчаларга электрондук кезекке туруу да кыйла оңой болуп калат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Өлкөнүн билим берүү тармагындагы негизги маалыматтык база жыл аягына чейин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда системага билим берүү уюмдары 1 миллион 500 миңден ашык адамдын маалыматын киргизген.

Маалыматтык система — бул билим берүү тармагы боюнча статистикалык маалыматтын баарын камтыган база.

Системада камтылган маалыматтар:

  • Менчигинин түрүнө карабай билим алуучулар (бала бакча тарбиялануучулары, мектеп окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери);
  • Бардык билим берүү уюмдарынын кызматкерлери (бала бакчадагы кароолчудан баштап, жогорку окуу жайдын ректоруна чейин);
  • Менчигинин түрүнө карабай бардык билим берүү уюмдары (бала бакчадан жогорку окуу жайга чейин).
"Система пайдаланууга берилгенде бир топ кызматтар, анын ичинде маалым каттар (справкалар) автоматташтырылып, аларды алуу жеңилдейт. Ошондой эле мектепке электрондук жазылуу, бала бакчаларга электрондук кезекке туруу да кыйла оңой болуп калат. Башкача айтканда, документтерди сканерлеп тиркөөнүн зарылчылыгы жоюлат", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик "Жаңы китеп" маалыматтык системасы, kitep.edu.gov.kg электрондук китепканасы, 2020-жылы жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуу жана "Электрондук лицензия берүү" системалары да маалыматтык базага интеграциялана турганын кошумчалады.