Токмокто жеңил унаа менен мопед сүзүшүп, 19 жаштагы жигит каза тапты

Каргаша 22:30дар чамасында Дружба көчөсүндө болгон. 35 жаштагы аял башкарып бараткан Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаа менен каршылаш тилкеде мопед айдаган 19 жаштагы бала кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. 20-июнь, ишемби күнү, Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен бир киши каза болду. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек: үч автоунаа кагышып, бирөө дубалды сүзүп короого кирип кеткен. Видео
Ага ылайык, каргаша 22:30дар чамасында Дружба көчөсүндө болгон. 35 жаштагы аял башкарып бараткан Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаа менен каршылаш тилкеде мопед айдаган 19 жаштагы бала кагышкан.

Окуядан мопеддин айдоочусу менен жүргүнчүсү (16 жаштагы) ооруканага жаткырылып, эртеси айдоочу каза болуп калган.

ЖККББ жеңил унаанын айдоочусу окуяны жашырды деген маалыматты төгүндөдү. Аталган факт каттоого алынып, экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында аял соо экендиги аныкталган.