Эл-жерин түп көтөрүлө коргогондордун арасында кыргызстандык да жоокерлер бар эле. Совет эли бул согушту Улуу Ата Мекендик согуш деп атап, гитлерчилер менен кашык каны калганча согушту. Улуу Ата Мекендик согуш 1418 күнгө созулган. Кыргызстандан кан майданга 360 миңден ашуун аскер аттанып, 160 миңден ашык мекендешибиз курман болду. Ал эми жалпы СССР 27 миллион жаранынан айрылды. Бул согуш мурдагы союздук республикалардын элинин жүрөгүндө кара так калтырды десек жаңылбайбыз.
Мокеш Асылбаев (1922-2009). Согушта кат жазышып жүрүп болочок жубайы менен таанышкан
(архивдик материал)
Коңурбай Чаргынбаев (1905-1963). Батыш Буг дарыясындагы эрдик
(архивдик материал)
Ак-Суу районунун Маман айылынын тургуну Чаргынбаев кан майданга 1941-жылы аттанган. Россиялык “Память народа” сайтынын архивдик материалында: "Чаргынбаев 1-Беларус фронтунун гаубица-артиллериялык 229-полкунун катарында согушкан. 1944-жылы 3-августта Коңурбайдын полку Батыш Буг дарыясын өтүп жаткан учурда батареядагы замбиректин мээлегичи жарадар болот. Анын ордуна Чаргынбаев туруп, замбиректин ок атуусун токтотпойт. Муну менен ал аскердик операциянын ийгиликтүү өтүшүн камсыздаган. Коңурбайдын мындай эрдигин баалап, командачылык “Аскердик каармандыгы үчүн” медалы менен сыйлаган", — деп жазылган.
Адыл Ыбраев (1925-2008). 40 жылдан кийинки сыйлык
(архивдик материал)
— Ыбраевдин аскердик жолу 1941-жылы 23-январдан тарта башталган. 1945-жылы 9-майда фашисттик Германия расмий түрдө багынган соң ал кызмат өтөгөн 258-өзүнчө танкалык бригада Ыраакы Чыгыштагы Забайкалье фронтуна жөнөтүлөт. Адыл бул аскердик бөлүктө танкка каршы атылчу куралдын автоматчиги болчу. Он күндөн кийин Ыбраев эки бутунан жарадар болуп, Благовещенск жана Ташкент шаарындагы аскердик госпиталда дарыланган. 1947-жылы Ыбраев Ысык-Көлгө кайтып келет. Орто мектепте мугалим, кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1985-жылы 6-апрелде Жеңиштин 40 жылдык мааракесине карата СССРдин коргоо министринин буйругу менен Улуу Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордени менен сыйланат.
Кайду Таев (1924-2006). Эр жүрөк тракторист
(архивдик материал)
Бул каарманыбыз Ак-Суу районунун Ново-Константиновка кыштагындагы орто мектепте жети класстык билим алган. 1938-жылдан баштап 1942-жылга чейин колхоздо тракторист болуп иштеген. Ошол жылы 6-августта кан майданга аттанган. Ал 1-Украина фронтунун 54-полкунун катарында согуша баштаган. 14 жылдан кийин анын эрдиги бааланып, 1959-жылы 28-ноябрда СССРдин Жогорку Кеңешинин президиуму Кайду атабызды “Аскердик каармандыгы үчүн” медалы менен сыйлаган.
Качаган Омуралиев (1918-2007).
(архивдик материал)
Василий Верещагин (1925-2015): Үстөккө-босток бомбалап жатканда аябай кубандык
(архивдик материал)
Касым-Алы Бостериев (1907-1980). Эр жүрөк танкист
(архивдик материал)
Рудольф Маречек (1888-1970).
Тарых илимдеринин кандидаты Туратбек Сырдыбаев теги чех атактуу советтик мамлекеттик ишмер Рудольф Маречек жана баласы Боривойго байланыштуу кызыктуу фактыны айтып берди.
— Улуу Ата Мекендик согушка чейин ата-бала Кыргызстанда альпинизм спортун түптөп өнүктүрүшкөн. Анткени Рудольф Чехиянын тоолуу аймагы Моравияда төрөлүп, бала чагынан альпинизмди өздөштүрүүгө умтулган. 1941-жылы согуш башталганда ал уулу Боривой менен Кыргызстанда атайын тоо аткычтарды даярдаган. Алар машыктырган жоокерлер Түндүк Кавказда фашисттик баскынчыларга каршы согушкан. 1944-жылы Боривой тынбай суранып жатып биринчи Чехословакиянын армиялык корпусунун катарына кошулуп, Ата Журтун Гитлердин запкысынан бошотууга катышат. Тилекке каршы, согуш бүткөндөн кийин булар түптөгөн тоолуу аткычтарды даярдаган мектеп жоюлган. Рудольф "Жакынкы келечекте мындай ойлонулбай кабыл алынган чечим Советтик Армияга терс таасирин тийгизет", — деп жетекчиликке көрөгүчтүк кылып жазган экен. Чынында ал айткандай Афганистандагы он жылга созулган согушта советтик аскерлер тоолордогу салгылаштарда далай оор жоготууларга учураган. Ошондуктан 1987-жылы тоолуу аткычтарды даярдоо кайра башталган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги согуш отун кечкен кыргызстандыктарды буга чейин да тизмектеп, аталарыбыздын көрсөткөн эрдигине дайым таазим этип келет.