БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бишкекте бет капсыз жүргөн жүргүнчүлөрдү аныктоо боюнча рейддер уланып жатканын муниципалитет билдирди.
Мындай иштер эпидемиологиялык кырдаалдын начарлаганына байланыштуу жасалып жатат.
Бишкек мэриясынын жарыялаган видеосунда кызматкерлери бет кап тагынбай жүргөн жүргүнчүлөрдү коомдук транспорттон түшүрүп салып жатканын көрүүгө болот.
"Кечиргиле, бирок мындан башка аргабыз калбай калды. Маскасыз жүргөндү кууп чыгып жатабыз", — деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин мэрия ар бир аялдамада бет кап тагынууга чакырган муниципалдык кызматкерлер иштеп жатканын айткан болчу.