Айтматов менен чогуу Ысык-Көлдү сагынып... 65ке чыккан Муратбек Бегалиев

Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсандын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.

Асылдар, залкарлар менен... Күлүйпа Кондучалованын сүрөттө калган ирмемдери
Муратбек Бегалиев 1955-жылы 21-июнда Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында төрөлгөн. Элетте жүргөндө музыкага кызыгуусу артып, 7-классты аяктаганда түйүнчөгүн түйүп Фрунзеге билим алганы качып кеткен. Борбордогу мектепти бүтүрүп, Москвадагы музыкалык институтка барып өтпөй калат. Кыргызстанга келип Мукаш Абдраевдин шакирти болуп, Искусство институтунда билим алган. Андан соң Петр Чайковский атындагы консерваторияда окуган. Жаш адис Москвадагы консерваториядан кайтып келип Фрунзеде мугалимдикти аркалап, чыгармачылык менен алектенип, камералык, симфониялык, эстрадалык чыгармаларды жаратып, кийин эмгек жолун Европада улантат.

Бирок 1990-жылдары кыйын абалда калган кыргыз маданиятын көтөрүү максатында мекенине кайтып Улуттук консерваторияны ачкан. Аталган окуу жайды Бегалиев 27 жылдан бери жетектөөдө.

Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси 35 жашында Зенона Слензак аттуу польшалык виолончелист кызга үйлөнгөн. Жубайлардын учурда бир кызы бар. Ал да ата-энесиндей музыкага ыктап, фортепианодо, скрипкада ойнойт.

Композитордун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

1 / 12
Бегалиев 29 жашында СССРдин композиторлор союзуна мүчө болгон
2 / 12
Болочоктогу атактуу композитор өспүрүм кезинде билим алуу үчүн айылдан борбор калаага качкан. Оңдон биринчи турган окуучу Муратбек Бегалиев
3 / 12
Апасы жана жакындары менен отурган жылаңбаш бала Муратбек Бугалиев
4 / 12
1980-жылдары эле Бегалиевдин чыгармалары дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде аткарылчу
5 / 12
Мурдагы маданият министри, балетмейстер Чолпонбек Базарбаев менен
6 / 12
Жаш музыкант Германияда  билим алып, ал жактан чыгармачылыгын өркүндөткөн
7 / 12
Улуу агалары менен акылдашкан жаш композитор
8 / 12
КРдин эл артисти Муратбек Бегалиев, СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон
9 / 12
КРдин эл артисти аялы Зенона Слензак менен. Жубайлар бир кызды тарбиялап чоңойткон
10 / 12
Жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Муратбек Бегалиев жакын мамиледе болушкан. Алар белгилүү "Ысык-Көлдү сагынуу" аттуу чыгарманы  Люксембургда чогуу жараткан
11 / 12
Профессор 27 жылдан бери өзү ачкан борбор калаадагы Улуттук консерваториянын ректору
12 / 12
Залкар композитор Казак ССРинин эл артисти, скрипач Айман Мусаходжаева менен, 2006-жыл