Рамзан Кадыров 76 жылдан кийин Бишкектеги боордошун мекенине алып кетти

1944-жылы беш жашында депортацияланып Кыргызстанга келип калган карыя 76 жылдан кийин мекенине кайтты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров Кыргызстандагы карылар үйүндө жашаган боордошу Данги Битаевге атайын учак жиберип, 76 жылдан кийин мекенине алып кетти. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Рамзан Кадыров Чеченстанда 200дөн ашык келиндин калыңын төлөөгө акча бөлдү
Бир нече күн мурда теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Чеченстанда туулган карыя тууралуу видеоролик чыгарган. Анда 81 жаштагы Битаев мекенине баргысы келерин билдирген. Ал 1944-жылы Кыргызстанга депортацияланып келип калган. Бул кабар Рамзан Кадыровго жеткенден кийин карыянын Грозныйдан туугандары табылып, Чеченстан башчысы аны мекенине алып келүүнү тапшырган.

Карыяны Грозный аэропортунан Мамлекеттик думанын депутаты Адам Делимханов, Чеченстандын маалымат жана басма сөз министри Ахмед Дудаев жана балдары, небере, чөбөрөлөрү тосуп алышкан. Битаев Молдокматованын коштоосу менен барганы айтылат.

Теле алып баруучу тосуп алуу учурунан тартылган видеону Instagram баракчасына жүктөдү.