Назарбаевдин COVID-19га чалдыккандан кийинки абалы айтылды

Нурсултан Назарбаевдин коронавирус инфекциясына чалдыкканы туурасында 18-июнда белгилүү болгон.  Учурда ал аралыктан иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин COVID-19 жугузуп алгандан кийинки абалы жакшы, оору белгиси жок өтүүдө. Бул туурасында Sputnik Казакстан анын маалымат катчысы Айдос Укибайга таянып билдирди.

"Дене табы туруктуу, коронавирустун белгилери байкалган жок. Дарыгерлер карап жатат. Алардын айтымына караганда, тынчсызданууга себеп жок", — деген ал.

Жээнбеков коронавирус жуктурган Назарбаев менен сүйлөшүп, абалын сурады
Назарбаев аралыктан иштеп жатат. Укибай саясатчы башка өлкөлөрдүн башчыларынан келген бардык телеграммалар менен каттарды окуп, таанышап турганын кошумчалады.

"Нурсултан Назарбаев үчүн ар бир кат кымбат. Адамдардын биримдиги, ак дилден айтылган сөз биринчи президентке кадимкидей кайрат, күч берет", — деген Укибай.

Нурсултан Назарбаевдин коронавирус инфекциясына чалдыкканы туурасында маалымат 18-июнда белгилүү болгон.