Эки аял, бир киши... Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан үч адам каза болду

Бүгүнкү статистика боюнча өлкөдө коронавирустан 35 адам каза тапты. Ал эми ооруну жуктургандардын саны 2981ге жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан үч адам каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Өткөн суткада 192 кыргызстандык коронавирус жуктуруп алды
Анын айтымында, көз жумган бейтаптардын бири 59 жаштагы аял, Ош облустар аралык ооруканасында дарыланып жаткан. Экинчиси 61 жаштагы эркек киши, Кара-Суу районунун тургуну. Үчүнчүсү 62 жаштагы эркек киши Түп аймактык ооруканасынан үзүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүнкү статистика боюнча өлкөдө коронавирустан 35 адам каза тапты. Ал эми ооруну жуктургандардын саны 2981ге жетип, анын ичинен 1981 адам айыгып чыкты.