Жакыным көз алдымда үзүлүп, колумдан эч нерсе келбей калган. Дарыгердин баяны

Бегимайдын чоң атасын акыркы көргөн күнү көз алдынан кетпейт. Жанындай көргөн жакын адамынын абалы оорлой баштайт, Тез жардам кечигет... Ошол мүнөттөрдө тестиер кыз сөзсүз дарыгер болом деп чечет.
Sputnik

Бишкекте жакшы эндокринологго көрүнүү үчүн эмне кылыш керектигинен кабардарсызбы? Айына бир ирет белгилүү бир күнү таң заарда ойгонуп, келерки айга кезекке туруу үчүн клиникага келесиз.

Кыргызстанда эндокринологдор тартыш, 24 жаштагы Бегимай Жуматаева ушундай врачтардын катарын толуктоону чечкен. Жаш дарыгер Түркияда такшалмадан өтүп келген. Врач бизге өз иши тууралуу кенен кеп салып берди.

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

— Жети күндүк кезимде ата-энем чоң атам менен чоң апама берип, Бишкекке иштөөгө кетүүгө аргасыз болушат. Балалыгым аябай бактылуу өттү, себеби чоң атам менен чоң апам ата-энемдин алыста экенин сездирбеш үчүн колдорунан келгенин бүт жасашкан.

Күйгөн адамдын сөөгүн көрүп денем дүрт эткен. Өрт өчүрүүчү Сариевдин видеомаеги
Алтынчы класста окуп жүргөнүмдө биздин үйдө бир жамандык болду. Ноябрдын бир таңы, ошол жылдын алгачкы кары жааган. Чоң атам жүрөгү ооруп атканын айтканы эсимде. Үйдөгүлөр дарыгер чакырышты. Бирок Тез жардам маалкатып, доктурлардан кабар жок. Кийин билсек, кар калың түшкөндүктөн, биздин кыштакка чейин жете албай кыйналышыптыр. Жанымдай көргөн чоң атам көз алдымда үзүлүп кете берди. Инфаркт болуптур. Ошондо чоңойгондо дарыгер болом, бир дагы бейтабым көз жумбайт деп өзүмө сөз бергем. Баары эле дайыма врачка байланыштуу болбостугун түшүнгөн эмесмин да...

— Эмнеге эндокринолог болууну чечтиңиз?

— 2011-жылы кичинекей сиңдим сасык тумоодон кийин кант диабетине кабылды. Биз эмне кыларыбызды билбей калдык, кенедей наристеге эмнеге күнүнө беш жолу ийне сайыларын аңдай албадык. Эмнеге дайыма манжасына ийне сайып, кант деңгээлин текшерүүгө тийиш экенибизди түшүнө албадык...

Кыргызстанда балдар эндокринологу аябай тартыш экенин билдим. Ата-энем медициналык окуу жайга тапшыруудан мени айнытууга аракет кылышты. Аябай оор, узак окушум керектигин, медиктердин айлыгы аз экенин айтышты. Бирок баары бир мен документтеримди Медакадемияга тапшырып койдум.

Жакыным көз алдымда үзүлүп, колумдан эч нерсе келбей калган. Дарыгердин баяны

— Ата-энеңиз туура айтыптыр!

— Албетте, алардыкы туура. Тогуз жыл болду окуй баштаганыма, дале ординатормун. Мамлекеттик клиникада иштеп жүргөнүмдө дарыгерлердин кандай жашарын көрдүм. Кесиптештеримдин карызы толтура, эптеп-септеп жеткиришет. Керээли-кечке тытынып иштешет, алгандары – 6-7 миң сом.

— Түркиядан такшалмадан өтүп келипсиз, ошондон кеп салсаңыз.

— Ооба, жарым жыл түркиялык ооруканада иштедим, бул убакыт аралыгында чоң тажрыйба топтодум. Бизде бир врач күнүнө 20 бейтап кабыл алса, түркиялык доктор 80-100дөн киши көрөт.

— Оо, кантип жетишет экен? Биздин деле ак халатчандардын жаны тынбайт го.

Дааратканада телефон чукуп отура берип, геморрой болгон жаштар көп. Адистин маеги
— Түркияда ар бир дарыгердин ассистенти бар, алар бейтаптардын маалыматтарын компьютерге киргизип турат. Врач убактысынын көбүн биздегидей кагаз жазып коротпойт.

Ал жакта баары автоматташтырылган. Бейтап келет, доктор баарын сурап-тактап, анализ тапшырууга жөнөтөт. Бейтап лабораторияга жеткенче ал жактагылар ким келерин, кандай анализ алыш керектигинен кабардар болушат. Бир-эки саат өтпөй жыйынтыгы чыгып, бейтап кайрадан дарыгерге көрүнөт.

— Бейтаптар менен кантип сүйлөшүп жаттыңыз? Түрк тилиндеби?

— Бул тилди бала чагымдан бери билем. Түрк үй-бүлө менен коңшу турчубуз, балдары менен көп ойнор элек. Түрк тилин сүйлөшүп жүрүп, эч кандай күч жумшабастан эле өздөштүрүп алгам.

— Бул туурасында адатта ачык айтышпайт, бирок Кыргызстандагы жаш врачтар дасыккан дарыгерлер аларды операцияга киргизбегенин, айтып же кеңеш беришпегенине даттанып калышат...

— Бизде андай учурлар көп, бирок Түркияда андай эмес. Баарын түшүнүп-түшүнбөгөнүмдү дайым сурап турушчу. Профессорлор менин багытым боюнча операцияга даярдык көрүлүп жатканын, келип көз салууга болору боюнча мага билдирүүлөрдү жиберишчү.

Алар менен буфетте жөн эле отуруп, кофе иче алчубуз. Устатым мага эндокринология боюнча өзүнүн китептерин алып келип берчү, УЗИ кылганды, биопсия алганды үйрөттү.

Кыргызстанда система жабыгыраак, ординаторлорду жетелеп үйрөтүшпөйт.

Жакыным көз алдымда үзүлүп, колумдан эч нерсе келбей калган. Дарыгердин баяны

— Билишимче, кыргызстандыктардын бир тобу эндокриндик тутумдун дарттарынан азап чегишет. Анткени деңизден ыраак жашайбыз, йод жетишсиз.

— Чындап эле ошондой. Бизде эндемиялык богок (йоддун тартыштыгынан калкан безинин чоңоюп кетиши – ред.) учурлары арбын. Дегеле эндокринологияга байланышкан көйгөй толтура, врачтар жетишсиз, адамдар ден соолугуна жакшы кам көрүшпөйт.

Жылдап доктурга көрүнбөй жүрө беришет. Баса, Түркиядан келгенимде Кыргызстанда эч бир клиникада анализдердин көбүн жүргүзүшпөгөнүн билдим.

Дарыканаларда эндокриндик тутум боюнча жапа чеккендер иче турган дары-дармектин көбү жок. Алар дарысын Россия, Казакстан жана Түркиядан буюртма менен алдырышат, жеткирүү акысы менен кыйла кымбатка түшөт.

Бизде көбүнесе бейтаптардан гипотиреоз, гипертиреоз жана кант диабетин аныкташат да, калган эндокриндик оорулар унутулуп калат.

— Кайсы бейтапты эсиңизден чыгара албайсыз?

Гүлжигит Аалиев: коронавируска шектелгендер январда эле ооруканага түшө баштаган
— Бир жаш жигит кайрылган... Бутун сындырып алып, сөөгү туура эмес бүтүп калат. Операция жасалышы керек, бирок бейтаптын кант диабети менен ооруганынан улам врачтар чочулашат. Бул ирет сөөк туура өсүп кетерине эч ким кепилдик бере албайт, себеби диабетиктердин жаракаты бүтүшү кыйын. Мындай учурларда операция жасоо үчүн эндокринологдун да кеңеши керек.

Ал бейтапты текшердик, анализи көңүлүбүздү чөгөрдү. Жыйынтыгы жаман эле, аны дароо ооруканага жаткырдык. Ошол күнү кечинде эле абалы начарлап кетти. Диабети сезгентип, кардиолог, нефрологдор да чакырылды, бирок кеч болуп калыптыр. Эки айдан кийин каза болуп калды.

— Диабет дарыгерлер курчап турганда деле өлүмгө алып келеби? Дарылабаса гана кооптуу деп ойлочумун.

— Дүйнөдө ар бир алты мүнөттө кант диабетине кабылган бейтаптын жаны үзүлөт.

Диабет — оор жана дарылоосу кымбат дарт. Мисалы, экинчи типтеги диабет көпкө билинбей жүрө берет, бирок өтүшүп кеткенде көз көрбөй же бутту кесүүгө чейин алып келет. Дүйнөдө бутту ампутациялоонун ар бир үчүнчү учуру дал ушул оорудан жабыркаган адамдарга жасалат! Бейтаптын жүрөгү да сезгенет. Мындай адамдар ооруну жакшы сезбегендиктен, инфарктты да байкабай калышы ыктымал. Адам жөн эле уйкуга кетип, ойгонбой калышы ыктымал.

— Дагы кайсы оорулар менен сиздерге көп кайрылышат?

— Мисалы, гипотиреоз. Калкан бези жетишерлик гормон бөлүп чыгарбаганда — аутоиммундук оору же йоддун жетишсиздигинен... Себептери көп. Анын белгилерин санасак, бейтап тез толот, чарчап-чаалыгат, уйку, шишик басат, чачы түшөт. Эгер ооруну өтүштүрүп жиберсе, адам комага түшүп калышы ыктымал. Бул абдан олуттуу оору, бирок оңой жана натыйжалуу дарылоого болот. Дары-дармек баасы да өтө кымбат эмес.

Жакыным көз алдымда үзүлүп, колумдан эч нерсе келбей калган. Дарыгердин баяны

— Кыргызстанга сырттан кайткан дарыгерлер жергиликтүү бейтаптардын орой мамилесине наалып калышат.

— Ооба, врачтарды тейлөөчү персонал катары көрүшөт. Маселен, менин жаш экеним адамдарды оңтойсуз кылат. "Врач экениңиз ыраспы? Дарылай аласызбы? Башка бир, улуурак дарыгерге жиберсеңизчи", – дешет. Көп учурда орой мамиле кылышат, жазып бергендерибизди башка врачтарга көрсөтүп, текшеришет. Азыр жеке клиникада иштейм, алда канча жакшы. Ал эми мамлекеттик ооруканаларда бизге көп кыйкырышат. Түркияда врачтарга абдан жакшы мамиле кылышат, бейтаптар үчүн дарыгер Кудайдай эле, айткандарынын баарын тыкыр аткарышат.  Жаш врач 1,5-2 миң доллар алат, ал эми бизде 3,5 миң сом.

— Бир жолу түркиялык медицинага кайрылууга туура келген. Баалары ооз ачырган, врачтын эки мүнөттүк консультациясы 100 доллар турат экен!

Бир күндүк эс алууга зар болдук. COVID-19ду ооздуктап жүргөн медайымдын маеги
— Түркияда негизинен медициналык камсыздандыруунун эсебинен дарыланышат, ал врачка көрүнүү, дары-дармекке кеткен чыгымдардын баарын жабат. Медициналык камсыздоо кымбат турганы менен баары анын канчалык зарыл экенин түшүнүшөт. Мындан тышкары, эркек кишинин медициналык камсыздандыруусу менен аялы, 18 жашка чейинки уулу жана турмушка чыкканга чейин кызы да көрүнө алат. Дарылануу деле чөнтөк какканы менен, бизде андай система жок. Анализ тапшырууга эле 7-8 миң сом сарпталат.

— Өлкөдө коронавирустан башка дарт калбай калды дегендей кейиштүү кептер жүрүүдө...

— Карантин чындап эле элге катуу таасир этти, анткени блокпосттордон улам бейтаптар ооруканаларга жете алышпады. Врачтардын көбүн маяна төлөнбөгөн өргүүгө чыгарышты.

— Бул кыргызстандыктардын саламаттыгына таасир этеби?

— Албетте! Бирок биздин бейтаптар жолдуу экен, аларга врачтар жеке телефон номерлерин берген. Биз онлайн консультация бере алабыз.

Эгер оюңузга коронавирустан башка келбей турса, дарыгер Асамидин Мариповдун маегине да бир көз жүгүртүңүз.