Ахмат Кадыров фонду Бишкектеги карылар үйүнө 30 миң доллар берди

Кечээ Рамзан Кадыровдун тапшырмасы менен Бишкекке атайын учак келип чеченстандык Данги Битаевди алып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Чеченстандагы Ахмат ажы Кадыров атындагы коомдук аймактык фонд Бишкектеги карылар үйүнө 30 миң доллар которду. Бул тууралуу "Грозный-информ". маалымат агенттиги жазды.

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 55 млн. доллар берди. Акча эмнеге жумшалат?
Аталган карылар үйүндө чеченстандык Данги Битаев 10 жыл бою күн кечирген. Кечээ Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тапшырмасы менен Бишкекке атайын учак келип карыяны алып кеткен.

Бир нече күн мурда теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Чеченстанда туулган карыя тууралуу видеоролик чыгарган. Анда 81 жаштагы Битаев мекенине баргысы келерин билдирген. Ал 1944-жылы Кыргызстанга депортацияланып келип калган. Бул кабар Рамзан Кадыровго жеткенден кийин аксакалдын Грозныйдан туугандары табылып, Чеченстан башчысы аны мекенине алып келүүнү тапшырган.