Бишкек: үч автоунаа кагышып, бирөө дубалды сүзүп короого кирип кеткен. Видео

Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, Toyota Sequoia, Mazda 626 жана Lexus GX автокөлүктөрү кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Борбор калаада үч автоунаа кагышып, жол кырсыгы катталды. Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Анда бир автокөлүктүн жол боюндагы турак-жайдын дубалын сүзүп, короого кирип кеткенин көрүүгө болот.

Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан аталган фактыны тастыктады.

"Кырсык болжол менен саат 20.05 чамасында Бишкек шаарындагы Осмонкул көчөсүндө болгон. Ал жерге тергөө тобу барган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Toyota Sequoia, Mazda 626 жана Lexus GX автоунаалары сүзүшкөн", — деп милициядан кабарлашты.

Азырынча жабыркагандар тууралуу маалыматтар жок, тергөө иштери уланып жатат.