БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстанга Пакистандан бүгүн 94 адам алып келингендигин ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Манас" эл аралык аэропортунан "Pakistan International Airlines" авиакомпаниясынын Исламабад — Бишкек — Исламабад каттамы боюнча чартердик каттамдын жүргүнчүлөрүн атайын адистер тосуп алышты.
Бул учак менен Кыргызстандагы пакистандыктар өз мекенине кетет.
Маалыматта келгендердин бардыгы тиешелүү тартиптин негизинде обсервацияга жатып, тиешелүү текшерүүдөн өтө турганы кабарланды.
Эске салсак, мындан эки күн мурда Кыргызстанга Пакистандан 100 адам алып келинген.