Чогуу жашаган кишинин барымтасында калып, бычак жеген аял көз жумду

Буга чейин жабырлануучу комага түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганы айтылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Чогуу жашаган кишиси барымтага алып, моюнга бычак жеген аял кечээ ооруканада көз жумду. Бул тууралуу маалыматты Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Бейтап кечки саат 21.10до жандандыруу бөлүмүндө каза болду", — деди Кубатов.

Мойнуна дөңгөлөк илинип мазакталган аял күйөөсүн кечирип, тосмо арыз жазды
Эске сала кетсек, 17-июнда 20:00дөр чамасында Ден Сяопин көчөсүндөгү ашкананын ичинде 36 жаштагы эркек киши чогуу жашаган аялын барымтага алып, бычак менен коркуткан. Ал жакка Кайгуул милициянын кызматкерлери, ыкчам-тергөө тобу менен шаардык №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев барган. Ал эркек киши менен сүйлөшүүгө аракет кылып, майнап чыкпаганда аны спорттук ыкма менен куралсыздандырган. Кармалган киши Биринчи май ИИБге жеткирилген. Аял кишини Тез жардам алып кеткени айтылып, бирок эмне жаракат алганы маалымдалган эмес.

Кийин жабырлануучу түшкөн Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков аял моюнга, далыга жана башка жерлерине бир нече ирет бычак жегенин билдирген. Ошондой эле абалы өтө оор болгондуктан, комага түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганы айтылган.