Бишкек: чогуу жашаган аялды барымтага алган кишини милиция кармаар алдындагы видео

Милициянын подполковниги аялдын коопсуздугу үчүн спорттук ыкманы колдонуп, зордукчулдун колундагы бычакты тартып алып, өзүн кыймылдатпай кармап калган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Чогуу жашаган аялын бычак менен коркуткан эркек кишиге келген милициянын сүйлөшүп, андан соң кармаган видеосу деген кадрлар Oppa аталышындагы Instagram-аккаунтка жүктөлдү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Oppa (@oppa_kg)

Окуя болжол менен кечээ, 17-июнда, 20:00дөр чамасында болгон. Ал жакка Кайгуул милициянын кызматкерлери, ыкчам-тергөө тобу менен шаардык №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев барган. Ал бычагы бар эркек киши менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылган. Барымтага алынган аял кыйкырган учурда, милиция кишинин колундагы кооптуу бычакты кармап калган. Бул окуя Бишкек шаарындагы "шлагбаум" деп аталган аймактагы ашкананын ичинде болгон.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы мас адам аялды барымтага алып, бычак көтөрүп, имараттын ичине эч кимди киргизбей жаткандыгын билдирди.

"Жаанбаев эркек кишини кеп-сөзгө келтирүүгө аракет кылып, бычагын таштоого чакырганы менен берки макул болгон эмес. Милициянын подполковниги аялдын коопсуздугу үчүн спорттук ыкманы колдонуп зордукчулдун колунан бычакты тартып алып, өзүн кыймылдатпай кармап калган", — деп билдирди шаардык милиция.

Кармалган 36 жаштагы киши Биринчи май ИИБге жеткирилген.

Зордукталган өспүрүм: шектүү ЖМКга маалымат тарагандан кийин гана кармалды
Аялды дароо Тез жардам кызматы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок анын жаракат алганы-албаганы айтылган жок.

Аталган факты Биринчи май райондук ИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Буга чейин социалдык тармактарда эки милиция кызматкери жаракат алганы айтылган, бирок Бишкек ШИИБ ал маалыматты төгүндөп, кызматкерлер аман-соо экендигин белгилеген.