Аялынын мойнуна дөңгөлөк илип сабаган кишинин иши сотко өттү

Факты Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан толук тергелип, шектүүгө айыбы угузулуп, өндүрүш иши 17-июнь күнү соттун кароосуна жиберилген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Сузак районунда күйөөсү мойнуна дөңгөлөк илип, сабаган аял боюнча иш тергелип, соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

7,5 жылга кесилет! Зомбулук көрсөткөндөрдү тосмо арызга карабай камоо сунушталды
Эске сала кетсек, күйөөсү тарабынан кордолгон аялдын окуясын Сузак райондук милициясы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 75-беренеси ("Үй-бүлөдөгү зомбулук") менен каттаган. Ал кайра Жазык кодексинин 144-беренесине ("Уруп-согуп кыйноо") которулуп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Шектүү Сузак районунун Бек-Абад айылынын Б.З. аттуу 51 жаштагы тургуну 11-июнда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 2020-жылдын 13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган. Ошол эле күнү сабалган аял тосмо арыз жазып берген.

Бул факт Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан толук тергелип, шектүүгө Жазык кодексинин 144-беренеси ("Уруп-согуп кыйноо") менен айыбы угузулуп, өндүрүш иши 2020-жылдын 17-июнь күнү соттун кароосуна жиберилгени маалымдалды.