Мамлекет башчы өкмөттүн жаңы курамын бекитип, айрымдарын иштен кетирди

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Кубатбек Боронов башында турган өкмөттүн жаңы курамын жактырган. Мындан кийин президент тиешелүү жарлыктарга кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бир катар жарлыктарга кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Баатырбековду биринчи вице-премьер, ал эми Эркин Асрандиевди, Акрам Мадумаровду жана Аида Исмаилованы вице-премьер-министр кылып дайындаган документтерге кол койгон. Мындан тышкары өкмөттүн ар бир мүчөсүн бекиткен.

Абылгазиев өкмөт менен тажрыйба бөлүшүп, иштешүүгө даяр экенин айтты. Видео
Башка жарлыктар менен өкмөттүн мурдагы эки мүчөсү кызматтан бошотулду. Алар өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев болду.

Мамлекет башчы буга чейин Кубатбек Бороновду мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотуп, премьер-министр кызматына дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койгон

Кечээ, 16-июнда, парламенттеги көпчүлүк коалиция Бороновдун талапкерлигин өкмөт башчылыгына колдогон. Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Боронов башында турган өкмөттүн жаңы курамын жактырды.