Кадрдык өзгөрүүлөр болбойт. Боронов премьер катары биринчи кеңешме өткөрдү. Сүрөт

Жаңы премьер-министр өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу 11 багыты бар экенин айтып, жетекчилердин милдетин санап берген.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов орун басарлары жана өкмөт аппаратынын бөлүм башчыларынын катышуусунда биринчи кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу 11 багыты бар экенин айткан.

"Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжасын арттыруу, коррупцияга каршы күрөшүү саясатына басым жасоо жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо зарыл. Коронавирус пандемиясына байланыштуу бир катар маанилүү милдеттерди аткаруу мөөнөтү кийинкиге жылдырылган. Биздин милдет — канча иштей турганыбызды ойлонуп отурбастан, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүү. Кандайдыр бир кадрдык өзгөрүүлөр болбойт. Ар бир жетекчинин милдети — маселелерди өз убагында жана ыкчам чечүү, күн сайын жарандардын жашоосун жана экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуунун үстүндө иштөө болуп саналат", — деген Боронов.

Ээрге бекем отурат. Өкмөт башчылыкка аттанган Боронов тууралуу 7 факты
Ошондой эле ал өкмөт аппаратынын мамлекеттик органдардын ишин координациялоодо ролун белгилеп өткөн.

Мындан тышкары өкмөт башчы күнүмдүк иш алып барууда коомдун пикирин эске алуунун, президент жана ЖК аппараты менен өз ара тыгыз иштешүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Боронов башында турган өкмөттүн жаңы курамын жактырып, тиешелүү жарлыктарга өлкө башчы кол койгон.