Бишкектин 6-кичи районундагы өрттө каза болгон жигит тез татымда иштечү эмес

Адам өмүрүн алган кырсыктан кийин Кылмыш кодексинин 261-беренесинин ("Өрт коопсуздугу боюнча эрежени бузган") негизинде сотко чейинки иштер башталды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Борбор калаанын 6-кичи районунда чыккан өрттөн каза болгон жаран тез татым жайында иштеген эмес. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Эске салсак, 15-июнда Бишкек шаарынын 6-кичи районундагы Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыгып, бир адам көз жумган.

Буга чейинки маалыматта каза тапкан жарандын 25 жашта экени айтылган.

"Ал аталган жайда иштеген эмес, учурда кырсык болгон жерге кантип барып калгандыгын тактап жатабыз", — деп айтылган маалыматта.

Адам өмүрүн алган бул кырсыктан кийин Кылмыш кодексинин 261-беренесинин ("Өрт  коопсуздугу боюнча эрежени бузган") негизинде сотко чейинки иштер башталган. Андан улам "Шаурма на мангале" деп аталган жайды ижарага алып иштеткен 31 жаштагы жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.