Ырчы Малик Аликеев Бишкектеги ооруканага алып келинди

Буга чейин Малик Аликеевге операцияны белгилүү хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков жасай турганы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Белгилүү ырчы Малик Аликеев Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия  илим-изилдөө борборуна алып келинди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, маданият министри Азамат Жаманкулов жана президенттик аппараттагы Гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара иштешүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев ооруканага барып, ырчынын абалын сурап, мамлекет башчынын атынан материалдык жардам тапшырган.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, Малик Аликеевге операцияны белгилүү хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков жасай турганы күтүлүүдө. Аликеевге буга чейин кашка жилик менен жамбаштын бириккен жерине (эки жагына тең) операция жасалган. Азыркы тапта экинчи операцияга даярдык көрүлүп жатат. Аликеев эми министрликтин көзөмөлүндө болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Малик Аликеев маданият министри Азамат Жаманкулов менен видеочалуу аркылуу байланышканда төрт жыл мурда операция болуп жакшы басып калганын, бирок кийин тепкичтен жыгылып кетип баса албай калганын айткан.