Көбү Чүйдөн. Өлкөдө бир суткада 21 медик коронавируска кабылды

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 495 учур катталды. Алардын жарымы ооруну жеңди.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 21 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Өз алдынча дарыланган. Жалал-Абадда COVID-19дан 36 жаштагы киши каза тапты
Анын айтымында, оору жуктургандардын алтоо Бишкектен, 12си Чүй облусунан, экөө Баткен облусунан жана бирөө Таластан.

Ал эми сутка ичинде сегиз медик айыккан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 495 учур катталып, анын 367си айыккан. Алардын 25-28 пайызы дарыгерлер, калганы орто жана кичи медицина кызматкери.