Кыргыз-казак чек арасында абал турукташты, кезек күткөндөр жок

11-июнь күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жайгашкан "Кең-Булуң" өткөрүү бекети ишке кирди. Муну менен эки тарап чек арадагы кезек күтүүлөрдү азайтууну көздөгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" жана "Кең-Булуң" өткөрүү жайларынын иштеп башташы "Ак-Тилек" бекетинин ишин жеңилдетти. Учурда өткөрүү пункттарында автоунаа тыгыны жок. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

"Ушул тапта Чүй облусунда "Ак-Тилек", "Чалдыбар", "Кең-Булуң", ал эми Талас облусунда "Чоң-Капка" өткөрүү жайлары иштеп жатат. Жарандар жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттары "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" өткөрүү жайлары аркылуу өтүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Негизи "Чалдыбар" өткөрүү жайы эки тарапка оор жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүүнү гана ишке ашырып, ал эми "Кең-Булуң" өткөрүү жайы болсо Кыргызстандан сыртка бош оор жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүүгө ачылган.

Казакстандын чек арадагы көргөн чараларын ЕЭК коллегиясы тоскоолдук катары тааныды
Эске салсак, 11-июнь күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жайгашкан "Кең-Булуң" өткөрүү бекети ишке кирди. Муну менен эки тарап чек арадагы кезек күтүүлөрдү азайтууну көздөгөн.

Буга чейин "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында Казакстан тарапка фуралардын кире албай калган учурлары болуп келген. Бул боюнча Sputnik Кыргызстан видеорепортаж жасаган.

Анда биринчилерден болуп вице-премьер Эркин Асрандиев чек арага барып, абалды көргөндөн кийин үн каткан. Ага Казакстан жообун берип, бирок буга Кыргызстан таңгалгандыгын билдирген. Ал эми жакында эле эки мамлекеттин ТИМ жетекчилери сүйлөшүп, маселе ЕАЭБ алкагындагы эрежелердин негизинде иштеш керек деген маселени сүйлөшкөн.

Ал эми 9-июндагы жыйында Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы Казакстандын көрүп жаткан чараларын ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдук деп тааныган.