Бишкекке Пакистандан кыргызстандык 100 жаран алып келинди

"Манас" эл аралык аэропортунан бир нече саат мурда "Pakistan International Airlines" авиакомпаниясынын Исламабад-Бишкек-Исламабад каттамы боюнча чартердик каттамдын жүргүнчүлөрүн тосуп алышты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанга Пакистан өлкөсүнөн  кыргызстандык 100 адам алып келинди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, "Манас" эл аралык аэропортунан "Pakistan International Airlines" авиакомпаниясынын Исламабад-Бишкек-Исламабад каттамы боюнча чартердик каттамдын жүргүнчүлөрүн тосуп алышты.

"Бул каттам Пакистандан кыргыз жарандарын, Кыргызстандан пакистандыктарды алып чыгып кетүү боюнча эки тараптын макулдашуусунун жыйынтыгында уюштурулган. Учурда мекендештер медициналык көзөмөлдөн өтүү үчүн обсервацияга алынды", — деп айтылат маалыматта.

Штаб сырттан кыргызстандыктарды алып келүү иши улантыларын кошумчалады.