Планетада 8 миллион киши COVID-19га чалдыкты

Ооруну жугузуп жана андан каза тапкандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда турат. Ал эми дүйнөдө 3,8 миллион киши коронавирусту жеңди.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. COVID-19 дүйнө боюнча сегиз миллиондон ашуун адамга жукту. Бул маалыматтар Жон Хопкинс университетинин сайтына чыкты.

Акыркы сандарга таянсак, ааламда коронавирус менен 8 миллион 52 миң адам катталды. Алардын ичинен 437 283 киши каза таап, 3,8 миллиондон ашууну айыгып чыкты.

COVID-19га чалдыккан кишинин оору табылгандагы анализи. Сүрөт
COVID-19ду жугузуп жана андан каза тапкандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда турат, тагыраагы, 2,1 миллион учур катталды. Экинчи орунга Бразилиянын 888 миң жашоочусу жуктуруп алып чыкты. Үчүнчү сапта Россия турат, коронавирус жабышкандардын саны 536 миңден ашып кетти.

Аталган оорудан көз жумгандар кайрадан эле АКШда (116 миң киши) абдан көп. Анын артынан Бразилия (43,9 миң адам) келе жатат. Үчүнчү сапты 41,8 миң адамын жоготуп Улуу Британия ээледи.