Күйөрманы жок оюнда Мессинин фанаты талаага чуркап чыгып сүрөткө түштү. Видео

Ишемби күнү "Барселона" футбол боюнча Испания чемпионатынын 28-турунда "Мальорка" командасы менен беттешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Аргентиналык футболчу, "Барселона" клубунун капитаны Лионел Мессинин фанаты аны менен сүрөткө түшүү үчүн оюн талаасына чуркап чыкты. Бул тууралуу Eurosport маалымдады.

Жаны кашайып, ойт берген Роналду. Күйөрмандын олдоксон селфисинин видеосу
Ишемби күнү "Барселона" футбол боюнча Испания чемпионатынын 28-турунда "Мальорка" командасын 4:0 эсеби менен жеңип алды. Месси анда төртүнчү голду киргизүү менен Испания-2019/20 сезонундагы 20 голдун автору катары жеке рекордун каттап койду. Кечээ алардын коронавирус пандемиясына байланыштуу тыныгуудан кийинки биринчи оюну өткөн. Футболчулары күйөрманы жок ойношкон.

Аргентина командасынын футболкасын кийген жигит оюндун экинчи таймында газонго чуркаган тейде, кирип барган. Аны күзөтчүлөр дароо эле артка кайтарышканы айтылды.

Ал журналисттерге берген маегинде атын атоодон баш тартып, Испанияда жашаган француз экенин, футбол жылдызы менен сүрөткө түшүүнү көптөн бери кыялданып жүргөнүн айткан.

"Селфи тартканга жетиштим, бирок полиция кызматкерлери өчүрүүгө мажбур кылды. Эми айып пул төлөйм. Мен эки метрлик дарбазаны ашып өтүп, тепкичтерден секирип, оюн талаасына чуркап баргам", — деди фанат.

​"Мальорка" стадионунун администрациясы Мессинин күйөрманы түштүк тараптагы күзөтчүлөр кайтарбаган дарбазадан ашып өтүп, чуркагандыгын билдиришкен.