Иса Өмүркулов: Абылгазиев кетерин бизге айткан эмес, бирок ишинен билинип турган

Мухаммедкалый Абылгазиевдин премьер-министрликтен кетүү арызын жазганга чейин эки апталык кыска мөөнөттөгү эмгек өргүүсүн алган эле.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Парламенттеги көпчүлүк коалициянын төрагасы, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Мухаммедкалый Абылгазиевдин премьер-министрликтен кетүү арызы боюнча пикирин айтып, жаңы өкмөт башчыны болушунча эртерээк дайындоо керектигин билдирди.

"Азыркыдай кыйын кырдаалда өкмөт башчыны болушунча эртерээк шайлап, ал ишке кириши керек. Ансыз деле Абылгазиев эмгек өргүүгө кеткен эки жумада өкмөттүн ишинде вакуум пайда болду. Азырынча ким бул орунга келерин божомолдой албайм", — деди Өмүркулов.

Ошондой эле ал Абылгазиев кызматтан кетери тууралуу буга чейин айтпаганын, бирок "бардыгы ишинен байкалып турганын" кошумчалады.

Сатылган радиожыштык: "Ала-ТВ" компаниясынын изделген түптөөчүсү кармалды
Эске салсак, дүйшөмбү күнү кечке маал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Ал радиожыштыктар чуусунан, ага байланыштуу тергөө иштеринен улам белгисиздик абал өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирерин билдирди. Буга чейин эл өкүлү Жанар Акаев парламентте азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин айтып, ага премьер-министрдин тиешеси бар экендигин билдирген.

Азырынча президент Сооронбай Жээнбеков Абылгазиевдин арызына кол коё элек.