Атлантада акцияга чыккандарга белгисиз адамдар ок чыгарып, эки киши каза болду

Атлантада ишемби күнү 27 жаштагы афроамерикалык Рэйшард Брук полициянын огунан каза таап, эл нааразычылык акциясына чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. АКШнын Жорджия штатынын Атланта шаарындагы атышуудан эки адам каза болуп, бешөө оор жаракатынан улам ооруканага жеткирилди. Бул туурасында Fox телеканалы полицияга таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, Атлантанын чыгышындагы Эджвуд районунда 13-июнь күнү саат 18.00дөр чамасында белгисиз адамдар автоунаа менен келип ок чыгарган. Ушу тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.

Путин АКШдагы башаламандык боюнча пикирин биринчи ирет билдирди
Атлантада ишемби күнү 27 жаштагы афроамерикалык Рэйшард Брукстун өлүмүнөн кийин нааразычылык акциясы башталган. Буга чейинки маалыматтарга караганда, полицияга автоунаа туура эмес жерде токтоп тургандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тез татым жайынын алдындагы орунду ээлеп алган автокөлүктүн ичинде Брукс уктап жаткан. Полиция анын мас экенин көрүп, кармап кетүүгө аракет кылган. Ошол маалда ал укук коргоочулардын биринин электрошокерин жула качкан. Полиция Бруксту көздөй ок чыгарып, ал ооруканада көз жумган.

Буга байланыштуу Атлантанын полиция жетекчиси Эрика Шилдс отставкага кеткен. Ал эми ок чыгарган полиция кызматкери иштен алынды, дагы бири убактылуу четтетилди.

Окуядан кийин массалык башаламандык башталып, катышуучулар автоунааларды өрттөп, терезелерди талкалап, жолдорду тосуп алышкан. Полиция аларды таратуу үчүн көздөн жаш чыгарган газ колдонгон.