Тепкен тобу жаздым кетпей. Месси карьерасында дагы бир рекорд жаратты

Месси ишембидеги беттеште Испания-2019/20 сезонундагы 20-голун киргизип, жеке рекордун каттоого жетишти.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. "Барселона" командасынын капитаны жана чабуулчусу Лионель Месси Испания чемпионатынын 12 сезонунда катары менен 20дан кем эмес гол киргизген жалгыз футболчу болуп калды. Бул туурасында Р-Спорт жазып чыкты.

Кирешеси 1 млрд. долларга жете турган биринчи футболчунун ысымы аталды
Ишемби күнү "Барселона" футбол боюнча Испания чемпионатынын 28-турунда "Мальорка" командасын 4:0 эсеби менен жеңип алды. Месси анда төртүнчү голду киргизүү менен Испания-2019/20 сезонундагы 20 голдун автору катары жеке рекордун каттап койду. Кечээ алардын коронавирус пандемиясына байланыштуу тыныгуудан кийинки биринчи оюну өткөн.

Месси Ла Лига-2008/09 сезонунда 23 голдун ээси болгон, андан кийинки сезондордо 34, 31, 50, 46, 28, 43, 26, 37, 34, 36 жана 20 (бул чемпионатта дагы оюн талаасына чыгат) жолу атаандаштарынын дарбазасына топ киргизген.