Келе жаткан жумага карата аба ырайынын божомолу

17-июнга чейин өлкөнүн көпчүлүк облустарында күн ачык болот. Айрым тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде күн күркүрөп, жаан жаашы ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата аба ырайынын божомолун маалымдады.

Билдирмеге ылайык, 17-июнга чейин өлкөнүн көпчүлүк облустарында күн ачык болот. Айрым тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде күн күркүрөп, жаан жаашы ыктымал.

Ысык-Көлдө мөндүр бир нече ирет жаады. Видео
14-июнда өлкөдө көпчүлүк аймактарда күн ачык болот. 15-июнга караган түнү Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарына жамгыр себелеши мүмкүн.

15-16-июнда күн ачык болуп, абанын температурасы Нарын менен Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда 30...35 градуска чейин ысышы божомолдонууда.

Ал эми 17-18-июнь күндөрү аба ырайы бузулуп жамгыр жаайт.

14-18-июнь күндөрү Чолпон-Ата, Каракол шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап турат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 18-июнда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.