ЖМК: Москвада кыргызстандык дипломат сабалды

Консулдун орун басары окуядан кийин полицияга арыз менен кайрылган. Учурда кол салган адам изделүүдө. Кондахчян Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде 2016-жылдан бери иштейт.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Москванын чок ортосунда белгисиз адам Кыргызстан элчилигинде иштеген консулдун орун басары Тигран Кондахчянды сабап кеткен. Бул тууралуу РЕН ТВ телеканалына таянып РИА Новости кабарлады.

ЖМК: Москвада кыргызстандык дипломат сабалды

Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео
Атташенин айтымында, ал "Добрынинская" метросунун станциясынан белгисиз адам менен уруша кеткен. Уруш мушташка айланып, дипломатты белгисиз адам башка урган.

Консулдун орун басары окуядан кийин полицияга арыз менен кайрылган. Учурда кол салган адам изделүүдө.

Маалым болгондой, Кондахчян Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде 2016-жылдан бери иштейт.