Жекшембиге карата аба ырайы

Кыргызгидромет тараткан маалыматка ылайык, өлкө аймагында күн ачык болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жекшембиде күндүз айрым райондордо өткүн өтүп, тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Жаалы катуу сел. Нарын аймагындагы суу каптаган жерлердин видеосу
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Таласта +27...+32, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +29…+34, Ысык-Көлдө +18...+23, Нарын өрөөнүндө +19...+24 градус жылуу болот.

Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада +31...+33, Ошто +32...+34, ал эми Чолпон-Атада +19...+21 градус болору болжолдонду.