Кытайлык Чжан Шевченкодон кантип өйдө туруп калды? UFC рейтинги күмөн болууда

Марттагы рейтингде Валентина Шевченко Кытайдан чыккан чемпион кыз Вэйли Чжандан бир сапка ылдый туруп калган. Бул Чжандын бел курун ийгиликтүү коргоп калышы менен түшүндүрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. UFC уюмунун оор салмактагы жана жарым оор салмактагы мурдагы чемпиону Даниэль Кормье мыкты мушкер аялдардын рейтинги анча калыс түзүлгөн эместигин айтып чыкты. Бул тууралуу MMA News порталы жазды.

Марттагы рейтингде Валентина Шевченко Кытайдан чыккан чемпион кыз Вэйли Чжандан бир сапка ылдый туруп калган. Чжан UFC 248 турниринде польшалык Иоанна Енджейчикти калыстардын чечими менен жеңип, алгачкы ирет бел курун коргоп калган. Ал арада спорт сүйүүчүлөрү үч ирет чемпиондук наамын алдырбаган кыргызстандык мушкер кантип бир сапка ылдый түшүп, ордуна кытайлык спортчу туруп калганына түшүнбөй калышкан.

"Мен Вэйли Чжанды сыйлайм, бирок ал азыр спортто Шевченкодон өйдө турбашы керек. Мушкер кыз рейтингдеги экинчи номердин ээси", — деген Кормье.

Анын айтымында, учурда Валентина мыктыларды аныктаган тизмеде Нуньестен кийин болушу шарт.

Жеңилгис экен! Шевченконун эзелки каршылашы Нуньестин жаңы жеңиши видеодо
"Биринчиде Аманда Нуньес, экинчиде Шевченко, үчүнчүдө Чжан туруп, андан кийин башка атлеттер кетиши керек. Бөтөнчө Аманда менен Валентинанын көрсөткүчү башка кыздардан абдан эле айырмаланып турат", — деген Кормье.

Буга чейин Даниэль Кормье бразилиялык Аманда Нуньести жеңил салмактагы чемпион Валентина Шевченко гана ута алышы мүмкүндүгүн айткан.

Кормье — ММА спортундагы легендарлуу адамдардын бири.