Элмирбектин жаштыгы, сүйүүсү, тагдыры. Алп акындын сүрөттө калган ирмемдери

Sputnik

Буулуккан булбул жайын тапты... Эл уулу Элмирбек менен коштошуудагы ирмемдер
Залкар акын Элмирбек Иманалиев 20-апрель күнү кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган. Ал кант диабети менен жабыркап жүргөн.

Элмирбек Иманалиевдин сөөгү 22-апрелде "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилген. 42 жаштагы акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды.

Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы сүймөнчүлүккө ээ болгон. 2016-жылы КРдин эл артисти наамы берилген.

 

1 / 16
Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары "Ак таңдай" сынагында тартылган.
2 / 16
20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.
3 / 16
Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен
4 / 16
Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен
5 / 16
Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
6 / 16
Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели
7 / 16
Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген
8 / 16
Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.
9 / 16
Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеде билим алган.
10 / 16
Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшүшкөн.
11 / 16
2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов
12 / 16
Азыркы жары Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар эле.
13 / 16
Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан
14 / 16
Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен
15 / 16
Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон
16 / 16
Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Жакында эле туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздешти.