Төрт жылдан берки начар көрсөткүч. Мигранттар которгон каражат айтылды

Өкмөт эки ай мурун эмгек мигранттарынан которулган каражат 15 пайызга кыскарышы мүмкүн экендигин божомолдогон болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Ушул жылдын апрель айында мигранттар Кыргызстанга 76,3 миллион долларды которду. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Кеп атайын система аркылуу жарандардын акча которуулары жөнүндө болуп жатат.

Кыргызстанда пандемияга карабай чакан насыя алгандар көбөйдү
2019-жылдын апрелинде өлкөгө 200,1 миллион доллар түшкөн. Эгер жаздын экинчи айында которулган каражатты салыштыра келсек, ушул жылдагы көрсөткүч 2005-жылдан берки эң төмөн сумма болуп эсептелинет. Азыраак каражат 2005, 2007 жана 2009-жылдын апрелинде гана түшкөн.

Ушул жылдын төрт айынын маалыматына токтолсок, быйыл 518,3 миллион доллар которулган. Бул былтыркыга караганда 222 миллион сомго аз. Жалпысынан 2016-жылдан берки эң начар көрсөткүч болуп калды.

Апрелдин башында вице-премьер Эркин Асрандиев 2020-жылы эмгек мигранттарынан түшкөн каражат 15 пайызга кыскарышы мүмкүндүгүн билдирген.