Активисттер жана маалымат каражаттары башаламандыкты токтотуунун ар кыл ыкмасын сунуштап жазышууда. Масштабдык реформа өткөрүү, полицияны каржылоону токтотуу, ал түгүл андан такыр эле арылуудан да кеп козголууда. Мындай чаралар мүмкүн болуп-болбогонун биздин өнөктөш РИА Новости агенттигиндеги кесиптешибиз Софья Мельничук териштирип көргөн.
Реформанын убагы
Демократтар конгресске укук коргоо органдарынын кызматкерлерине соттук териштирүүнү жеңилдете турган мыйзам долбоорун сунуштады. Негизи мында кеп шектүүлөрдү кармоо убагында адам укугун бузган шартта полицияны тергөөдөн коргой турган кол тийбестик жөнүндө. Полиция кызматкерлери өз чечимине жараша күч жана курал колдонууга укуктуу, себеби америкалыктардын 43 пайыз курал кармайт.
"Системалык расизмди жана ашыкча көзөмөл чараларын жоюу боюнча бирдиктүү курс жок болгон соң реформалардын жардамы менен структуралык өзгөртүүлөргө мезгил жетти", — деп айтылат конгрессмендердин билдирүүсүндө.
1977-жылдан бери аймактык жана жергиликтүү бийликтин полицияга жумшаган чыгымдары 42 миллиард доллардан 115 миллиард долларга өстү. Ал эми укук коргоо органдарынын керектөөлөрүнө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын үлүшү өзгөрүүсүз – төрт пайыздын тегерегиндеги бойдон калды.
Күч органдарын кармоонун чыгымы аз эмес. Мисалы, Остина шаарынын полиция департаменти 2012-жылдан 2017-жылга чейин бронежилет, шлем (туулга), дубинка, түтөтмө граната, газомет жана башка жабдыктарга миллион доллардан ашуун каражат сарптаган. Эль-Пасо жана Денверде да ушундай эле көлөмдө каражат жумшаган.
Полициянын толук экипировкасына (кийим, курал-жарак, электрошокер, рация, бронежилет) орточо 4,5 миң доллар сарпталат. Радар, компьютер жана көзөмөл тутум орнотулган көлүк үлгүсүнө жараша 25-50 миң доллар турат. Полиция кызматкеринин маянасынын көлөмү жылына орточо 82 миң долларды түзөт, бул орточо америкалыктын жылдык кирешесинен бир жарым эсе көп.
Акча маселеси коронавирус эпидемиясы тушуктурган экономикалык абалдан улам өзгөчө орчундуу көйгөйгө айланды. Маселен, билим берүү структуралары жана жаштар программалары 80 пайыз субсидиясынан ажыратылып жатканда Нью-Йоркто бийлик полициянын алты миллиарддык бюджетин сактап калууну талап кылууда.
Акча жок – көйгөй жок
CNN маалыматына таянсак, бардык өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу америкалык полиция кызматкерлери агрессивдүү келет. Мисалы, 2018-жылы АКШда миңге жакын кишини атып салышкан. Салыштырып карай турган болсок, Германияда — он бир, Австралияда — сегиз, Швецияда — алты, Британияда үч учур болгон. Ошондуктан мындай ээнбаштыкты токтотуунун бирден-бир жолу – полицияны каржылоону бууп коюу керек дешет көпчүлүк. Мындан үнөмдөлгөн каражатты муктаж болгондорго жумшоону сунушташат. Black Lives Matter кыймылынын түптөөчүлөрүнүн бири Патрис Куллорс белгилегендей, "мында көп нерседен ажыратылган ынды кара коомчулукту кайра инвестициялоо жөнүндө кеп жүрүүдө". Анын пикиринде, андан көрө полициянын айрым кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу маанилүүрөөк. Мындан тышкары, акчаны мектеп жана ооруканаларга, акыл саламаттыгы жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жаатында эмгектенгендерге жумшоого болот.
Тартип сакчылары жок тартип
Айрымдар андан да кескин ыкманы, полицияны таратып салууну сунуштоодо. Жорж Флойд каза болгон Миннеаполисте MPD150 коомдук уюму ушундай максатты көздөөдө.
Полиция кызматкерлери — "курал көтөргөн бейтааныштар", ал эми "кризистик кырдаалдарда" ишти психолог, социалдык кызматкерлер, жабыр тарткандардын жактоочулары колго алганы оң деп түшүндүрүшөт активисттер.
"Андай зордукчул аракеттерди жөнгө салуу үчүн чектелген атайын адистештирилген контингент зарыл. Азыр полиция муну менен гана алектенбейт. Негизсиз эле унааларды жолдон токтотуп, майда баңгилерди камап, ынды караларды кысымга алууда. Мындай көрүнүштөр кылмыш-укук тутумунун эзүүсүнө кабылтып жаткандай сезим жаратууда" дешет аталган уюмдагылар.
Мурдагы федералдык прокурор, өкүлдөр палатасынын мүчөсү Трей Гауди мындай ойго макул эмес. "Эгер өзүн Иисус деп эсептеп, бычак көтөрө көчөдө жылаңач чуркаган жигитти көрсөңүз, психологиялык колдоо кызматына чалуунун кереги жок, полицияга кайрылуу керек, — дейт ал. — Полицияны таратып салуу керек дейсиздер. Анда алардын ишин ким аткарат?"
Алгачкы кадамдар
Бул жөнүндө Миннеаполисте активисттер эле эмес, аткаминерлер да ойлоно башташты. "Полиция бөлүмдөрүн жоебуз. Коомдук коопсуздук жана өзгөчө чараларга көз караштарыбызды толук кайра карап чыгабыз", — деп жазган "Твиттерде" шаардык кеңештин мүчөсү Жеремайа Эллисон.
Анын айтканына дагы бир нече кесиптеши кошулду, алардын катарында шаардык кеңештин башчысы Лиза Бендер да бар. Ал эми шаар мэри, Флойддун табытынын жанында тизелей ыйлаган Жейкоб Фрей бул демилгени колдобойт. "Полиция департаментин толук жоюуга макул эмесмин, бул боюнча ачык айтайын", – дейт ал. Бирок "расалык системаны оңдоо максатында масштабдык структуралык реформаны" жактайт.
Полиция кызматкерлери мындай чаралар кырдаалды курчуткандан башка пайда алып келбейт дешет. "Бул азыркы окуяларды жөнгө салбайт, — деп эсептейт отставкадагы лейтенант Гвен Гантер. — Кайра "жок, бизге полиция керек" деп качан айтышар экен. Мага ушул кызык болууда".
Полиция кызматкерлерине канчалык күчтүү кысым жасалса, алар өздөрүн жана ыйгарым укуктарын ашкере пайдаланууга айыпталган кесиптештерин ошончолук катуу коргошорун белгилешет байкоочулар. Полиция профсоюздары мурда эле укук коргоо органдарын реформалоону ооздуктап келген, азыр деле алар өз позициясын өзгөртөрү күмөн. Протест маалында полиция кызматкерлери да жабыркаганын эстен чыгарбоо керек. Нью-Йоркто 292, Чикагодо 130 тартип сакчысы жаракат алып, ал эми Лас-Вегаста митингчинин колунан ок жеген бир кызматкер оор абалда ооруканага жаткырылган.
"Өлкөдө бир нече жергиликүү коомдук уюмдар иш алпарат, — дейт ал. — Мисалы, шерифтерди жергиликтүү калк шайлайт. Чакан калаалар азыркыга дейре полициясыз жашайт, аларга шериф гана жетиштүү. Ири шаарлар кантет, көйгөй ошондо".
Серепчинин пикиринде, жакынкы жылдары реформанын ишке ашырылышы арсар.
"Федералдык деңгээлде Республикалык жана Демократиялык партиялардын компромисске келери күмөн. Бул – баалуулук маселелерине, атап айтканда, жеке курал көтөрүү укугуна байланышкан курч тема", — дейт Журавлева. Саясат таануучу-американист Дмитрий Дробницкий федералдык көзөмөл тутумун түзүү сунушу АКШ Конституциясына каршы келерин белгилейт, анткени муну менен штаттар алектенүүгө тийиш. "Же Негизги мыйзамды өзгөртүү керек, же революционерлердин талаптарын кабыл алып, же мунун баарын капарга илбөө керек. Эгер эмоцияны жыйыштыра көрсөткүчтөргө карай турган болсок, соңку он жылдыктарда полициянын колунан каза тапкандардын саны азайганын байкоого болот. Ооба, көйгөйлөрдүн баары бүтүп калган жок, бирок дүйнөдө бардык маселелер чечилген жер барбы?" — деп ой жүгүртөт ал.
Кызуу талкууларга карабай, сурамжылоонун жыйынтыгы америкалыктардын 50 пайызы полициянын ишине ыраазы, нааразы болгондор 16 пайызды гана түзөрүн көрсөтөт. Ошол себептен жарандык коомдун консенсуска келерине дагы көп бар. Ак үйдөгүлөрдүн бул туурасында пикири анык. Дональд Трамп полиция "өлкөгө тынч жашоого" шарт түзөрүн, ал эми "кызматкерлердин 99 пайызы — мыкты адамдар" экенин белгилейт. Ошондуктан каржылоону кыскартуу да, полицияны таратуу да болбой турганына ынандырат АКШ президенти.